29.08.2018 16:10

Ысык-Көл облусундагы Уюл-Төр капчыгайында чет элдик жаран бутун сындырып алды

Ысык-Көл облусундагы Уюл-Төр капчыгайында чет элдик жаран бутун сындырып алды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чет элдик турист бутун кокустатып алды. Бул туурасында April.kg порталына ӨКМден билдиришти.   

Кырсык 26-август күнү болгон. Ак-Суу районунун Уюл-Төр капчыгайында чет элдик жаран бутун сындырып алып, жанындагы шериги куткаруучуларга жардам сурап чалган. ӨКМден 8 куткаруучу, «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясынан дагы 8 киши жардамга жөнөтүлүп, 27-август күнү жабыркаган адамды алып түшүшкөн.

Ал дароо дарыгерлерге өткөрүлүп берилип, Каракол шаарындагы облусттук ооруканага жаткырылган.