10.06.2019 16:57

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жапырт уулануу орун алды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жапырт уулануу орун алды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жапырт уулануу орун алды. Бул туурасында аймактык оорукананын дарыгерлеринин сөзүнө таянып, Kaktus.media жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, уулангандардын саны -19. Алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшсө, 11 адам орточо оор абалда оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кабыл алынды. Калгандар биринчи жардамды алгандан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга үйлөрүнө жөнөтүлдү.  

Оорукананын маалыматына караганда, окуя 9-июнь күнү түштө  болгон. Боз-Учук айылынын тургуну карындашын турмушка узаткандыктан, кошуналарын кешик ооз тийгизип чакырган. Коноктор кудалар Бишкектен алып барган эттен жешкен.