17.07.2018 18:16

Ысык-Көл облусунун эки районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун эки районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Тоң жана Ысык-Көл райондорунда бүгүн, 17-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында алдын ала маалымат боюнча, саат 11:45 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 3 турак үйдүн короо-жайын каптаган, учурда сел суулары жерге сиңип кеткен.

Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду жана 15 турак үйдүн короо жайларын каптаган, учурда айыл аймактан 1 эксковатор жана 1 жүктөгүч тартылып тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин жер төлөсүнө сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо жайларын каптаган, учурда турак үйлөрдү каптаган сел суулары жерге сиңип кеткен. 

Ал эми Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 15:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сугат каналына суу батпай, Ак-Терек айыл аймагынын Калкагар айылында 1 турак үйдүн жер тилкесин жана 1 га эгин талаасын (картошка) суу каптаган. Селдин кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 самосвал, 1 жүктөгүч жана Тоң райондук №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн  4 куткаруучу тартылган.

Райондук Жарандык коргонуу  комиссиялары жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.