10.01.2019 12:30

Ысык-Көл облусунун тургуну: Мыйзамдуу ала турган пенсиямды дагы толук бербей жатышат

Ысык-Көл облусунун тургуну: Мыйзамдуу ала турган пенсиямды дагы толук бербей жатышат

«Жети-Өгүз райондук Социалдык фонд башкармалыгы пенсиямды туура эсептеп бербей, убара кылууда». Мындай нааразычылыгы менен Ысык-Көл облусунун  Ак-Кочкор айылынын тургуну Ажар Бейшенова April.kg порталына кайрылды.

Анын айтымында, Союз мезгилинде дүкөндө иштеп, кийин дыйканчылык менен алектенип жүрүп, 2014-жылы пенсияга чыккан. Учурда колуна 3 миң 420 сом пенсия алат.

«Мен пенсияга чыгып жатканда тиешелүү кагаздарымды толук карабай, маянамдын өлчөмү да туура эмес көрсөтүлүптүр. Жер үчүн салык төлөп келгеним да эсептелбей калган. Мындан улам, азайтылган пенсия чегерип коюшуптур. Бул тууралуу Социалдык фондго кайрылгам. Ал жактан Жети-Өгүз райондук Социалдык фонд башкармалыгына тез арада текшерүү иштерин жүргүзүп, албай калган айырманы кайра төлөп берүү тапшырмасы берилгени тууралуу кат жолдошкон. Бирок, ошондон бери эч жылыш жок.

Мындан сырткары, жыл сайын өкмөт пенсияны 100-300 сомго болсо да көбөйтүп жатпайбы. Ошондо менин пенсиям азыр 5 миң 571 сомго жетип калыш керек экен. Мага алардын баары кошулбай калган. Мамлекеттен мыйзамдуу түрдө ала турган пенсиямды ала албай, бир жылдан ашык убакыттан бери кайрылбаган жерим калган жок. Өзүм кант диабети менен ооруйм.  Жети-Өгүз райондук Социалдык фонд башкармалыгына эсептетейин деп барсам, эсеп бөлүмүнүн башчысы кыйкырганынан канымда канттын деңгээли көтөрүлүп, жыгылып калыптырмын. «Тез жардам» чакырып, үйүмө жөнөтүп ийишкен. КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиевге да кайрылдым.  Жактоочуга кайрылып, мага мамлекет канча сом пенсия карыз экенин эсептетип алдым. Бирок, өтүп кеткен жылдар үчүн эч ким акча төлөгүсү келбей атабы, кайрылган жактарымдан жооп жок», -дейт нааразы жаран.