05.07.2018 15:36

Ысык-Көл облусунун Түп районунда турак үй өрттөндү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда турак үй өрттөндү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда турак үй өрттөндү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Кырсык 2018-жылдын 4-июль күнү Түп районундагы  Миң-Булак айылында болгон. ӨКМ кызматкерлерине аталган айылдын Сапар Аденов көчөсүндөгү турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат 13:09 чамасында түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө №34 өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 13:54тө чектөөгө алынып, саат 15:47де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 120 чарчы метри, гараждын 78 чарчы метри жана сарайдын 14 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.