11.10.2018 11:37

Ысык-Көл облусунун жашоочусу ири көлөмдөгү марихуана менен кармалды

Ысык-Көл облусунун жашоочусу ири көлөмдөгү марихуана менен кармалды

Ысык-Көл облусунун жашоочусу 72 килограммдан ашуун марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Түп районунун 48 жаштагы тургуну С.Ж.нын үйүн тинтүү учурунда милиция кызматкерлери кара-жашыл түстөгү зат салынган 6 кап табышкан. Экспертиза анын марихуана экенин көрсөттү. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 72 килограмм 500 грамм экени такталды. 

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 247-берене (Баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, сатуу максатында жөнөтүү) менен кылмыш иши козголду.