23.11.2018 10:59

Ысык-Көл облусунун Жон-Булак айылындагы киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Ысык-Көл облусунун Жон-Булак айылындагы киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Ысык-Көл облусунун Жон-Булак айылындагы арыкта сөөгү табылган кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул туурасында облустук ИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 27-октябрь күнү болжол менен 8:00дө Жети-Өгүз райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жон-Булак айылынын четиндеги арыктан белгисиз адамдын сөөгү табылганы кабарланган. Жерине барган милициянын ыкчам тобу ал катуу сабалып каза тапканын көрүшкөн. Ошол жерден жыгач дубинка табылып, кылмышкерлер аны менен бетке аеосуз урушкандыктан, таанылбай калган.

Ыкчам иш-чаралардын арты менен маркумдун 32 жаштагы Каракол шаарынын тургуну А. Бактияр экени такталган. Ал шаардагы кичирайондордун биринде жарандык никедеги аялы менен жашап, экөө кичинекей дүкөн иштетишкен.

Бул факт боюнча Жети-Өгүз райондук ИИБинин тергөө кызматы 97-берене (киши өлтүрүү) кылмыш ишин козгогон.

Иштин натыйжасында, оор кылмышты жасоого шектүү делип Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну кармалды. Т.Эрмек буга чейин мал уурдаганы үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Киши өлтүргөн соң, ал облустан чыгып кеткен. Анын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында издөө жарыяланып, акыры шектүү Бишкектен кармалды. 

Т.Эрмектин айтымында, 26-октябрда түн ичинде өзүнүн «ВАЗ-2107» унаасы менен Бактиярдын үйүнө ортодогу карыздары тууралуу сүйлөшүү үчүн келген. Бирок, сөздөн натыйжа чыкпай, ал Бактиярды унаасына салып, шаардын четине Жон-булак айылы жакка алып барып, жыгач дубинка менен сабап өлтүргөн.  

Мындан кийин кайра унаасы менен Караколго келип, 25 жаштагы Руслан аттуу таанышын чакырып чыгып, экөө өлтүрүлгөн кишинин үйүнүн алдындагы «Ниссан-Сефиро» унаасын айдап качышкан. Ал унаа меенн Жети-Өгүз районунун Липенка айылына барып, жергиликтүү тургундун торпогун уурдашкан.  

Акыркы эки факт боюнча РИИБ «Автоунаага мыйзамсыз ээлик кылуу» жана «Мал уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Кармалгандар Каракол шаардык тергөө изоляторуна киргизилди. Териштирүү жүрүүдө.