05.09.2018 17:49

Ысык-Көл ОИИБи Кырчында аскер атташесинин чатырынан буюмдар уурдалганы тууралуу

Ысык-Көл ОИИБи Кырчында аскер атташесинин чатырынан буюмдар уурдалганы тууралуу

Кырчын жайлоосунда аскер атташесинин чатырынан баалуу буюмдардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында April.kg порталына Ысык-Көл ОИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, Улуу Британиянын Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан боюнча аскер атташеси Эндрю Холтон бүгүн саат 10:00 чамасында Кырчындагы милициянын убактылуу пунктуна арыз менен кайрылган. 

«Аскер атташеси бизге чатырынан баалуу буюмдары жоголгонун айтып, арыз менен кайрылды. Белгисиз адамдар чатырдагы рюкзактын ичинен Британия жаранынын баалуу фотоаппаратын, видеокамерасын, объективин, фонарик жана башкаларын көтөрүп кетиптир. Бул учурда атташе үй-бүлөсү менен этношаарчадагы оюн-зоокту көрүүгө кеткен экен», -дейт маалымат кызмат.

Ошондой эле, ОИИБ өкүлү окуя тартип сакчылары тарабынан кайтарылбаган аймакта орун алганын билдирди. «Жабырлануу Кырчын жайлоосуна Көчмөндөр оюну башталаардан 2-3 күн мурун үй-бүлөсү менен келип, жайлоонун түштүк-чыгышында, этношаарчадан тышкаркы кайтарылбаган аймакта чатыр тигип жашап атыптыр. Унаасы да бар экен. Тартип сакчылар келип, бул аймак кайтарылбай турганын, этношаарчанын ичине көчүп барууну эскертиптир. Атташенин этошаарчада боз үйү деле бар экен. Бирок, чатырда калууну тандаган. Оюн-зооктор болуп жаткан учурда чатыр жана унаасы кароосуз калган», -дейт Усубакунов. 

Жоголгон буюмдардын арасында дагы эмнелер бар экени териштирилип жатат. Учурда аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Жергиликтүү жана ИИБнын адискөй милиция кызматкерлеринен турган ыкчам топ түзүлүп, издөө иштери жүрүүдө.