13.07.2018 11:50

Ысык-Көл районунда сел он үйдүн короосун каптап кетти

Ысык-Көл районунда сел он үйдүн короосун каптап кетти

Ысык-Көл районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун, жол четтерин жана мүрзөнү суу каптады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Ысык-Көл районунда 2018-жылдын 12-июль күнү саат саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен колоттордон келген суулар каналга батпай, Чок-Тал айылындагы мүрзөнү жана Тамчы айылындагы 10 үйдүн короолорун жана аэропорттун учак конуучу жолунун 200 метр аралыгындагы жолдун четин суу каптаган. Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №32 Өрт-куткаруу бөлүгунөн 22 куткаруучу жана КР ӨКМнин №31 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, каналдын жээктери бекемделип, суу каптоо коркунучу жоюлду. Үйдүн короолору жергиликтүү тургундар тарабынан тазаланды.

Бүгүн саат 09:30да аэропорттун учак конуучу жолун тазалоо иш чараларына КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылды.