13.12.2018 14:22

Ысык-Көл районунун тургундары Балыкчы-Корумду жолундагы чала аткарылган иштерге - нааразы

Ысык-Көл районунун тургундары Балыкчы-Корумду жолундагы чала аткарылган иштерге - нааразы

Балыкчы-Корумду жолундагы ремонт иштеринин толук бүтпөгөнүнөн жол кырсыктары көбөйүүдө. Бул туурасында April.kg порталынын «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагындагы Сары-Камыш айылынын тургундары билдиришти.

«Жайында жолду оңдоп жатышканда жолдун асты менен өтүүчү көпүрөлөрдүн баарын казып ташташкан. Эми мунун айынан көп кырсыктар катталууда. 15 күн мурун биздин айылдык үй-бүлө түндө унаа менен келе жатып, бул аңга түшүп кетишип, күйөөсү каза болуп, аялы оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кечээ бул машина түшүп кетти. Буга чейин да мындай кырсыктар болгон. Бийлик көңүл бөлүп, көпүрөнү ордуна коюш үчүн дагы канча адамдын өмүрү кыйылышы керек?», -деп  суроо салышат айыл тургундары.