30.04.2019 11:20

Ысык-Көл тургундары уран казууну түбөлүккө токтотууну талап кылышууда

Ысык-Көл тургундары уран казууну түбөлүккө токтотууну талап кылышууда

Бишкекте бүгүн, 30-апрель күнү М. Горький атындагы гүлзарда уранга каршы митинг өтүүдө. Келгендердин саны болжол менен жүздөн ашат. Бул туурасында April.kg кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Маалыматка караганда, чогулгандардын көбү Ысык-Көл облусунан келгендер. Эскерте кетсек, кечээ алар Балыкчы шаарынан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасоону пландап, жолго чыгышкан. Бирок, ар кандай бут тосуулардан улам борборго унаа менен жетүүгө аргасыз болушкан.

Чогулгандардын талаптары бирөө- Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу салуу. 

Белгилеп кетсек, өлкөдө уран чуусу апрель айынын экинчи жарымында башталган. Кызыл-Омпол кенинде уран казыла турганы коомчулукка жетип, Бишкекте жана кен казыла турган жерде каршылык акциялары өткөн, уранга каршы петицияга кол чогултулуп башталган. 

Кийинчерээк бийлик кенди чалгындаган «ЮрАзия» ишканасынан лицензияны кайра чакыртып алганын билдирген. Бирок, буга карабай, жергиликтүүлөрдө кен казуу жашыруун улана бериши мүмкүн деген кооптонуу турат.