05.11.2018 10:22

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алып кетти

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алып кетти

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда эки унаа кагышып, бир адам каза тапты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Кырсык 2018-жылдын 4-ноябрь күнү саат 03:46да Кара-Коо-Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолунда болгон. «Форд-Фокус» жана «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен  «Форд-Фокус» унаасындагы 5 адам жабыркап, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу каза болгон.

Жерине барган куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.