29.01.2020 14:10

Ысык-көлдө 11 айлык ымыркай ур-токмоктон каза тапкан. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу

Ысык-көлдө 11 айлык ымыркай ур-токмоктон каза тапкан. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу

Ысык-Көл облусундагы 11 айлык кыздын өлүмү боюнча адистер өз корутундусун чыгарып, ымыркай ур-токмоктон каза тапканын далилдешти. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБсы билдирди.

Биринчи корутундуда эксперттер ымыркайдын денесиндеги көк-ала тактар оор нерсе менен чапканда пайда болгон деп көрсөтүштү.

Ага ылайык, эми комплекстүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлмөкчү.

 «Муну так жана даана билиш үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү керек. Буга тар профилдүү адистер катышат. Баардык материалдар республикалык мамлекеттик эксперттик кызматка жөнөтүлдү. Комплекстүү экспертизанын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп билдиришти аталган облустун ИИБсы.

Эске салсак, 15-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 айлык наристе чарчап калган.

Маалыматка караганда, ымыркай кыз оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлердин билдирүүсүндө, кыздын баш мээси шишип кеткен. Ошондой эле ал аз кандуулук менен жабыркаганы айтылууда. Дарыгерлер колдон келишинче кыздын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал чарчап калган.

«Наристе ооруканага келгенде эле денесинде көк ала тактар бар экен. Мындан улам медиктер милицияга кабар беришкен. Алдын ала маалыматка ылайык, 11 айлык кыз туугандарынын колунда өсүп жаткан. Анын өз энеси Түркияга иштеп келем деп кеткен, ал эми атасы каза болуп калган», — деп билдиришти РИИБдан.

Чүрпөнүн чоң энеси ымыркай ур-токмоктон каза болду деп эсептейт. Учурда териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.