29.01.2020 11:07

Жалал-Абадда токмоктолгон 2 жашар наристе чарчап калды

Жалал-Абадда токмоктолгон 2 жашар наристе чарчап калды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 3 жашар бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-январда Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көк ала тактары бар баланын сөөгүн жеткиришкен.

Алдын ала маалыматка ылайык, чарчап калган баланын атасы Орусияда иштейт. Ал эми апасы 2019-жылы көз жумганы айтылууда. Баланын өлүмүнө шектүү делип аны багып жүргөн жеңеси Д.А. сурак берип жатат.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча каттоого алынды.