Кыргызстанда коронавирустун дагы 4 учуру аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун дагы 4 учуру аныкталды

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

  • Жалал-Абад ш. – 1
  • Сузак району – 1
  • Кара-көл ш. – 1
  • Чүй облусу – 1


Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - дейт саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.

COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал)
анын ичинде:

  • I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1612
  • II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4416

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.