15.01.2020 09:10

Ысык-Көлдө 11 айлык наристе чарчап калды. Ооруканага түшкөндө денесинде соо жери болгон эмес

Ысык-Көлдө 11 айлык наристе чарчап калды. Ооруканага түшкөндө денесинде соо жери болгон эмес

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 айлык наристе чарчап калды. Укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ымыркай кыз оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлердин билдирүүсүндө, кыздын баш мээси шишип кеткен. Ошондой эле ал аз кандуулук менен жабыркаганы айтылууда. Дарыгерлер колдон келишинче кыздын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал чарчап калды.

«Наристе ооруканага келгенде эле денесинде көк ала тактар бар экен. Мындан улам медиктер милицияга кабар беришкен. Алдын ала маалыматка ылайык, 11 айлык кыз туугандарынын колунда өсүп жаткан. Анын өз энеси Түркияга иштеп келем деп кеткен, ал эми атасы каза болуп калган», — деп билдиришти РИИБдан.

Чүрпөнүн чоң энеси ымыркай ур-токмоктон каза болду деп эсептейт. Учурда териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.