16.08.2018 10:18

Ысык-Көлдө чет элдик туристтин жоготкон кымбат баалуу фотоаппараты кайтарылып берилди

Ысык-Көлдө чет элдик туристтин жоготкон кымбат баалуу фотоаппараты кайтарылып берилди

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында чет элдик туристтин унаага унутуп кеткен кымбат баалуу  фотоаппараты кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. 

15-август күнү болжол менен саат 10.30 чамасында Германия мамлекетинин жараны Ральф Сесок Ысык-Көл ОИИБге кайрылган. Анда Сесок келинчеги жана уулу менен  Ак-Суу районунун Сары-Жаз аймагынын Эчкили-Таш айылынан келатып, жолдон жергиликтүү тургунга жолукканы айтылат. Туристтердин кай тарапка баратканын сураган айдоочу Каракол деген жоопту угуп, өзү да шаарга бараткандыктан, бекер жеткирип коюуну сунуштайт. Шаарга жетип, мейманканадан кийим-кечектерин жыйнаштырып жатканда, баасы 3 миӊ АКШ долларынан ашык турган фотоаппаратты жеткирген автоунаада унутуп калышканын эстешкен. 

Бул кайрылуу атайын англис тили курсун  окуган милиция кызматкерлери тарабынан которулуп, Ысык-Көл ОИИБнин тийиштүү кызматына тапшырылат. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, көп узабай белгисиз автоунаанын айдоочусу аныкталып, андан чет мамлекеттик турист унутуп кеткен фотоаппарат алынып, ээсине кайтарылып  берилди.       

Белгилеп кетсек, Ысык-Көл ОИИБ өзүнүн кызматкерлерин атайын англис тилин үйрөнүү боюнча курсунан өткөрдү. Эки ай бою Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жогорку квалификациялуу окутуучулары милициянын спецификасына тиешелүү болгон тил методикасын үйрөтүшкөн. Мындан улам, чет мамлекеттик жарандардын кайрылууларына жана арыздарына котормочу адистерди күтпөстөн, тез аранын ичинде чара көрүү мүмкүн болууда.