Ысык-Көлдө иштен чыгып калган гемодиализ аппараттары оңдотулду

Ысык-Көлдө иштен чыгып калган гемодиализ аппараттары оңдотулду

Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын "Жасалма бөйрөк" бөлүмүндөгү гемодиализ аппараттары оңдолду.  Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде аталган ооруканадагы 6 гемодиализ аппаратынын баары жарактан чыгып калганына байланыштуу, 28 бейтап шашылыш түрдө өлкөнүн "Жасалма бөйрөк" бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлгөн болчу. 

Анын ичинен 8 бейтап Балыкчыга гемодиализ алууга жөнөтүлсө,  6 жаран -Нарынга, 14 жаран Бишкекке келүүгө аргасыз болгон. 

Бүгүнкү күндө облустун ар башка саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн 28 бейтабы штаттык режимде, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында гемодиализ алып жатышат.