05.11.2018 14:57

Ысык-Көлдө мал уурдоого шектелген 18 жаштагы жигит асынып алган

Ысык-Көлдө мал уурдоого шектелген 18 жаштагы жигит асынып алган

Ысык Көл облусунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков 18 жаштагы уулунун өлүмүнө  милиция кызматкерлерин күнөөлөп, президентке кайрылуу жасады. Анын айтымында, 2018-жылдын 22-октябрында милиция кызматкерлери уулун кой уурдоого шектеп, сабашкан. Ошол эле күнү талаадагы бакка муунуп калган уулу Э.Касымовдун сөөгү табылган.  

Бул боюнча ИИМ билдирүү таратты. Маалыматка караганда, муунуп каза тапкан бала 13-октябрдан 14-октябрга караган түнү айылдашы  Ж.К.нын 3 баш коюн уурдаган. Малды атасынын «Мицубиси» машинасы менен Караколдогу мал базарга алып барып, 12 миң сомго баалап сатып жиберген. Ал акчага сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө карата уюлдук телефон белек кылган.

«Нурлан Асанбековдун уулу 19-октябрда мал уурулукка шектүү катары кармалып, күнөөсү далилденген. Анын мал уурдагандыгы, базарга саткандыгы тууралуу берген тушүнүгү аудиожазуу түрүндө бар экендигин билдиребиз», -дешет ИИМден.

Учурда Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилик курамынын жана аталган кылмышты иликтеген жана тергөөгө алган кызматкерлердин ишмердүүлүгү, аталган окуяларга карата мыйзам чегинде кандай иш аракеттерди көргөндүгү жана көрбөгөндүгү боюнча текшерүүлөр жана иликтөөлөр жүрүүдө. Ошондой эле Ак Суу райондук прокуратурасы тарабынан да териштирүү иш чаралары башталганы айтылат.