14.01.2020 09:31

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши набыт кетти

Ысык-Көл облусуна караштуу Өрнөк айылында оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Балыкчы—Каракол унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Жолдо «КамАЗ» жана «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен «КамАЗдын» кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болуп, дагы 2 адам жабыркады.

Каза болгондордун сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырылган. Жаракат алгандар болсо тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатканы маалымдалат.