23.04.2019 12:17

Ысык-Көлдөгү уран кендерин иштетүү: ким кандай пикирде?

Ысык-Көлдөгү уран кендерин иштетүү: ким кандай пикирде?

Акыркы убакта Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөп жатат. Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кызыл-Омпол кенине каршы чыккандар пикирлерин түрдүү митинг жана интернет аркылуу билдиришүүдө. Бул жаатта түзүлгөн петицияга бир сутканын ичинде миңдеген жаран кол койду.

Кечээ Кубакы ашуусунда 200гө жакын адам топтолуп, алардын катарына: маданият жана коомдук ишмерлер кошулуптур. Алар кен жерин жабууну талап кылышууда. Алардын айыптоолоруна өкмөт менен серепчилердин пикири кандай? Видеодон көрүңүздөр.