11.02.2019 15:20

Ысык-Көлдөн мал уурдап, Токмокко сатышчу: ИИМ кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Ысык-Көлдөн мал уурдап, Токмокко сатышчу: ИИМ кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында майда мал жандыктарды уурдап жүрүшкөн кылмыштуу
топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын январь айында Тоң районунун Доң-Талаа айылынын жанында жайгашкан сарайдан күндүз 10 баш кой уурдалган. Бир нече күн өткөн соң, бшка айылдан майда мал жандыктар уурдалган. 20-январда милицияга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочусу кайрылып, арызында Комсомол айылынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан 30 баш кой уурдалгандыгын көрсөткөн.

Бул фактылардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө башталган. Анын натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери 3 жарандан турган мал уурулардын тобун кармаган.  

Алардын бири кылмыштуу топту уюштурган жана мурда да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган 40 жаштагы Ш.Ж. аттуу жаран болуп чыкты. Калган экөө 27-28 жаштагы Ж.А. жана Ж.уулу Т. аттуу кластташтар болушкан.

Кармалган жарандардын көрсөтмөсү менен 2019-жылдын февраль айында Чүй облусунун Токмок шаарында уурдалган малдардан көбү табылган. Жабырлануучуларга уурдалган 20 баш кой өткөрүлүп берилген. Божомолдонгондой эле, кылмышкерлердин арасында жергиликтүү аймакты жакшы билген, мурда мал багуучу болуп иштеген жаран бар болгон.

Болжолдуу маалымат боюнча кылмышкерлер түнчүндө уурдашып, жүк ташуучу унаага салып, Токмок шаарына мал сатып алуучуларга сатып жүрүшкөн.

Кармалган жарандар азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБге жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жактар аныкталып жатат.