05.05.2020 17:13

Ыссык-Көлдө коронавируска кабылгандар жок. Акыркы бейтап айыгып чыкты

Ыссык-Көлдө коронавируска кабылгандар жок. Акыркы бейтап айыгып чыкты

Ыссык-Көл облусу боюнча COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар такыр жок калды. Бул туурасында  Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.

Алардын маалыматына ылайык, бүгүн, 5-майда Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып чыкты. Буга чейин Ысык-Көл областы боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталганы кабарланган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 843 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган

.