17.05.2018 00:01

Кыргызстанда Ыйык Рамазан айы башталды

Кыргызстанда Ыйык Рамазан айы башталды

Кыргызстанда  бүгүн мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген, 30 күнгө созулган Рамазан айы башталды.  

Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгынын маалыматы боюнча, айдын жаңырышына жараша Рамазан  15 же 16-июнда жыйынтыкталат.

Рамазан- айлардын ичинен эң улугу. Ар жылдын он эки айынын бирөөсү - орозо ай, ооз бекитүү айы. Мусулманчылыкта отуз күндүк орозо, беш убак намаз - тирүүчүлүк парзы.

Орозо кыргызча "тыйылуу" дегенди билдирет. Эмнеден тыйылуу? Белгилүү убакта тамак-аш жегенден, суу ичкенден өзүн-өзү тыюу. Ошол эле учурда кеңири маанисинде бирөөнүн көңүлүнө азар берүүдөн, калп айтуудан, уурулук кылуудан өзүн-өзү тыя билүү дегендик. Ниетти агартуу, тынчтык, ынтымак, боорукердик, кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү дегендик. 

Орозо күндөрүндө жаңы төрөгөн аялдарга, оорулууларга, эгер иштебесе үй-бүлөсүн багууга мүмкүн болбой турган оор жумуштагыларга жана сапардагыларга ооз ачып жүрүүгө уруксат берилет. Бирок, алар кийин мүмкүнчүлүктөрү болгон убакта карызын кайтаруусу зарыл.

Ыйык Рамазан айында мусулмандар атайын таравих намазына чогулуп, Аллах ыраазычылыгы үчүн ибадат кылат.

Орозо кармаган адамдарга ооз ачууга тамак бергендер да кезигет. Муну ифтар деп аташат. Ифтарга орозо кармаган адамды чакырып тамак, чай берүү сооп ишке жатат.

Ошондой эле, Рамазан айында колунда жокторго жардам катары битир-садака берүү да чоң сооп болот. 

Бул айда кылынган ибадаттар 700 эсеге көбөйүп жазылат.