20.06.2019 10:48

Июлдун башынан тарта Ысык-Көлгө Алматыдан чартердик рейс учуп баштайт

Июлдун башынан тарта Ысык-Көлгө Алматыдан чартердик рейс учуп баштайт

QAZAQ AIR аймактык казак авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Алматадан Ысык-Көлгө чартердик рейс жүргүзүп баштайт. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыкты.

«2019-жылдын 1-июлунан баштап, дүйшөмбү жана жума күндөрү QAZAQ AIR учактары Алматыдан Тамчы айылында жайгашкан Ысык-Көл эл аралык аэропортуна келип баштайт. Учуу 40 мүнөткө жетпеген убакытты алат», -дешет компаниядан.