20.04.2018 10:36

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

МУКК кызматкерлери  сириялык-ирактык зонадан өлкө аймагына согушчандар жана ЭТУ мүчөлөрүнүн  мыйзамсыз кирүү каналдарын айкындоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүп жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында 1986-жылы төрөлгөн чет өлкөлүк жаранды, террористтик уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.

Кармалган чет элдик жаран КМШ өлкөлөрүнүн биринде укук коргоо органдары тарабынан издөөдө экени аныкталды. Ал 2015-жылы Эл аралык террористтик уюмдун куралдуу күчтөрүнө мыйзамсыз катышкандыгы үчүн айыпталган.  Диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөт аскерлерине каршы согуштук иш-аракеттерге катышкан.

Учурда кармалган адам тиешелүү жазасын алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.