Каалаганды кадыреседей көрсөтүү. Өкмөт жаңы мектептердин саны менен кантип баш айлантып жатат?

Каалаганды кадыреседей көрсөтүү. Өкмөт жаңы мектептердин саны менен кантип баш айлантып жатат?

Контейнерден салынган мектептин ызы-чуусунан кийин, өкмөт соңку жылдарда салынган окуу жайлардын саны боюнча отчёт берүүнү чечти. Маалымат бардык  ата-мекендик  ММКларга  таратылды.

Отчетто «Кеңеш» айылына мектеп курууга жардам берем деген кайдыгер эмес адамдарга алкыш сөзү  да бар. Бирок  мектеп курууга бюджеттен акча бөлүнгөнү, болгону курулуш келээрки 2020-жылга эсептелгени жазылган. Ошондой эле өлкөдө  акыркы жылдары канча жаңы мектеп курулгандыгы тууралуу маалымдалат.

 № 1 манипуляция. Жылдардын санынан мектептердин саны көз каранды. 

«Кыргыз Республикасында 2016-жылдан 2019- жылга чейин 220 жалпы билим берүү мекемесине,16 бала-бакчага жана 34 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн», - деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Маалыматта соңку 4 жыл ичинде салынган окуу жайлардын саны чогултулган. Эмне үчүн дал ошол убакыттын статистикасы алынды? Акыркы 3 жылды чогултса аз болуп чыкмак.  Улуттук статистика комитети жана ММКнын  маалыматтарына ылайык, 2015-2016-жылдарда гана көп сандагы мектептер курулган. 2016-жылы бюджеттик жана гранттык негизде 76 жаңы мектеп курулса, акыркы үч жылда  мектеп куруу тенденциясы төмөндөгөнү байкалат.  

Жиберилген текстте бюджеттен салынган гана обьекттер эсептелген, ал эми жеке өнөктөштөр менен гранттык негизде салынган  мектептердин саны  эсепке алынган эмес. Аны жыйынтыктоочу статистикага кошуп койсо деле болмок.

№ 2 манипуляция  Сан эсептелген орундар

«Республикалык бюджеттин негизинде 2016-жылы 68 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган», -деп айтылат таратылган билдирүүдө. 

Ошентип баардыгын чогуу эсептегенде 220 жаңы мектеп деген сонун сан чыкты. Бул жыйынтыкты жылдарга бөлгөндө, алардын санында айырма бар бекен карап көрөлү.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 2016- жылы 68 мектеп курулган. Бирок ал сан ММКа берген маалыматтан айырмаланып турат. Мисалы «СПУТНИК» агенттиги эксплутацияга берилген 65 мектеп тууралуу жазган. Улуттук статистика комитетиндеги маалыматка ылайык, бул мектептер 17миң 100  орунга эсептелген. 

2017- жылы орто билим берүү объектилеринин курулушу кескин кыскарып калган. Болгону 46 жаңы мектеп салынган, ошентсе да орундар жетиштүү деп айтылат. Билим берүү мекемелери 13 миң жаңы орун берген. Бул - жакшы көрсөткүч.

Анан эле 2018-жыл башталды, жаңы премьер-министрдин башкаруусунун алгачкы жылында,  мектеп куруу көрсөткүчү төмөндөп кеткени байкалат. Өткөн  жылы  расмий маалыматтар боюнча 68  жаңы мектеп курулган, 2017- жылга караганда 22 объектиге көбүрөөк. Бирок, тилекке каршы, бул мектептер 4100 гана окуучу кабыл ала алышат. Башкача айтканда бир мектеп орто эсеп менен 60 окуучу гана кабыл алабы? Бул кандай мектеп өзү?

Эми 2019-жылды карайлы. Маалыматта сыймык менен 38 мектеп курулду деп жазылат. «2019-жылдын 1- сентябрына карата 14 мектеп курулган жана 27 мектеп жылдын аягына чейин бүтөт»- бул өкмөттүн катынан алынган сөздөр. Айта кетчү нерсе, 2019-жылдын аягына 4 айдан кыска убакыт калды. Андан тышкары 14 даяр +27 даяр боло турган =41 мектеп, анда «38» деген сан кайдан чыкты, эч түшүнүксүз.

Аймактарга бөлүштүрүү

Облустарга  бөлүштүргөндө гана 2017-2018- жылдары мектеп салуу статистикасы кескин төмөндөп кеткендиги өзгөчө байкалат. Маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жайгашкан. Кийинки маалыматтар жаңы мектептердеги орундардын санын көрсөтүп турат.

Облустар

2017-ж

(орун)

2018-ж

(орун )

Бишкек шаары

2000

0

Ош шаары

300

600

Баткен облусу

2700 

500

Жалал-абад облусу

1200

300

Ысык-Көл облусу

600

0

Нарын облусу

800

600

Ош облусу

4000

1500

Талас облусу

200

600

Чуй облусу

1200

0

Байкап көрсөк, Талас жана Ош облустарында гана көрсөткүч бир аз көтөрүлгөн. Ошол эле учурда, өткөн жылы Ысык-Көл,Чуй облустары жана Бишкек шаарында жаңы  мектептин курулушу менен бир дагы кошумча орун пайда болгон эмес.