19.08.2019 13:19

«Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот, эч кимиси жок». Жалал-Абадда аял 19 жаштагы кызды сатмакчы болгон

«Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот, эч кимиси жок». Жалал-Абадда аял 19 жаштагы кызды сатмакчы болгон

Жалал-Абад шаарында адам сатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Мекеменин билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында бир аял 2000-жылы туулган кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Аны текшерүү учурунда, чындап эле Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч. М. 2000-жылы туулган М.Д. аттуу кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган.

«Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан сатып алууну каалаган адамдын ордуна бир аял кишини дайындап, маалыматты текшерип көрүшкөн. Кыз сатууну каалаган аял жаш кызды 100 миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдалана берсе боло тургандыгын, ата-энеси, сурап алар адамы жоктугун айткан.

Натыйжада криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кызды тез арада куткарып калу операциясы иштелип чыгып, милиция кызматкерлери алармандын ролунда сатуучу аял менен байланышка чыгышкан. Акыры аял 100 миӊ сомдон баасын түшүрүп, нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турган болгон.

Натыйжада, 14-август күнү алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунда 1977 жылы туулган Ч.М. кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акчалар чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Окуя адам сатуу беренеси менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Адам сатуунун курмандыгына айланып кете жаздаган 2000-жылы туулган М.Д бошотулуп, ал кыздын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык басымга дуушар болуп, аябай коркуп калган абалда болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү Ч.М. тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.