09.07.2018 12:33

Кадамжай районунда 47 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду

Кадамжай районунда 47 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду

Кадамжай районунда 47 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

2018-жылдын 8-июль күнү саат 18:48де КР ӨКМнин №75 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана КР ӨКМнин №4 тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Золотой мост карьерине 1971-жылы туулган С. И.М. чөгүп кетти деген маалымат боюнча жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө барышкан.

Маалымат 102 кызматынан түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүлүп, саат 21:20да маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.