15.10.2018 09:57

Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кетти

Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кетти

Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай сууга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ, 14-октябрь күнү саат 22:26да Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон. «Лексус РХ-300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 2 киши болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге  ӨКМдин куткаруучулары барып, унаанын ичиндеги адамдарды чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.