17.10.2019 11:36

Кадамжай районунун Жийделик айылында жеңил унаа өрттөнүп кетти

Кадамжай районунун Жийделик айылында жеңил унаа өрттөнүп кетти

Кадамжай районунун Жийделик айылында жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылуу менен Тurmush.kg жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Айдаркен—Кадамжай унаа жолунун 6-чакырымында болгон. Анын кесепетинен «Матиз» үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан.