Кадамжайда карышкырлар айылга кирип келип, 4 адамды жарадар кылды
Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында 2 карышкыр адамдарга кол салган. Алардын бирин эл таяк менен уруп өлтүрдү, деп жазат Turmush агенттиги.
Окуя 23-октябрда болгон. Таңкы саат 07:00 чамасында Кара-Жыгач айылына 2 карышкыр кирип келип, алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салган.
4 адам оор жаракат алган. Андан улам эл ызы-чуу болуп топтолуп, карышкырдын бирөөсүн короого камап, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Ал эми экинчи карышкыр айылдан качып кеткен.
«Жаракат алган 4 адам Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилип, азыр абалдары туруктуу. Учурда кутурма оорусуна карата анализдер алынып, текшерүү иштери жүрүүдө», -деп жазат агенттик.
Мергенчилерге карышкыр тиш салган иттерди атып жок кылуу тапшырмасы берилди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: