05.07.2018 16:32

Кадамжайда сууга чөгүп каза болгон кыз мектепти жаңы аяктаган

Кадамжайда сууга чөгүп каза болгон кыз мектепти жаңы аяктаган

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында дарыяга чөгүп каза болгон кыздын өздүгү такталды, деп билдирет Turmush порталы. Ал Кадамжайдагы Калача айылынын 17 жаштагы тургуну  болуп чыкты. Кыз 2 айдан кийин турмушка чыкмак.

Кечээ, 4-июлда саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы дарыяга бир адам чөгүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Күбөлөр жээктен кызга таандык бут кийим таап алышкан. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 4 куткаруучу тартылган. 

Түнкү саат 23:00 чамасында Исфайрам дарыясынын боюндагы шагыл казуучу жайда топтолгон суудан жаш кыздын денеси табылган. Анын Кадамжайдагы Калача айылынын мектепти жаңы аяктаган 17 жаштагы тургуну экендиги аныкталып,  2 айдан кийин ата-энелери тарабынан сүйлөшүп коюлган балага турмушка чыгуу алдында турганын айылдаштары билдиришкен.

Учурда кыздын денеси Кызыл-Кыя шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилип, жергиликтүү орган кызматкерлери кыз эмне себептен каза болгондугун аныктоодо.