18.08.2019 20:16

Кадыр Атамбаев атасынын камакка алынган мүлктөрү тууралуу

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Кадыр Атамбаев атасынын камакка алынган мүлктөрү тууралуу

Башкы прокуратура атамдын жана туугандарыбыздын камакка алынган мүлктөрү боюнча маселеде атайылап коомчулуктун көзүн жазгырып жатат, деп билдирди Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев.

Анын билдирүүсүнүн толугу менен беребиз: 

«Алмазбек Атамбаевге жана биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык делинген 120 мүлк боюнча айткым келди. Биздики деп айтылып жаткан мүлктүн баары чынында бизге таандык эмес, буга окшогон жалган маалыматтардын ЖМКларга жарыяланып жатканын бийликтин кара пиары катары баалайбыз. 

Баса белгилеп кетейин, бийлик өкүлдөрүнүн өздөрүнүн айтканына караганда, 120 мүлктүн 101 даанасы Атамбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмес, 2007-жылдан бери биз ээлик кылбаган  «КыргызАвтомаш» ишканасына таандык. Эң эле сандырактыгы, бул Башкы прокуратуранын 1996-жылы заводдун жумушчуларына сатылган батирлерди да биздики кылып койгону! 

Мен Нариман Түлеевге таандык банкта да биздин каражаттар болгону тууралуу жалган тизмеге таң калып турам. Чынында бизде банктык эсеп бар, ал «Кыргызстан» коммерциялык банкында жана ал эсепти 2002-жылы, банкты Шарипа Садыбакасова жетектеп турганда эле ачканбыз. Башкы прокуратура  өлкөдөгү болгон банктын баарын, жадагалса Пакистандын Улуттук Банкынын филиалын кошуп туруп,  жарыялап коюуну чечкендей сезим калды. 

Башкы прокуратура соттун чечимине чейин эле алынып коюлган унаалардын тизмесин жарыялап, аларды 1990-2000-жылдары чыккан деп койгондон тартынбаптыр.  

Ошол эле «Апрель» телеканалынын банкта уячасы жана Жалал-Абадда мүлкү, эч кандай радио жана телеборбору жок экенин баса белгилейм. 

Ошондой эле курамында кыргыз контентин өнүктүрүү менен алектенген көптөгөн телеканалдар бар Телерадиоуюмдар ассоциациясы бизге таандык эмес. 

Калган мүлктөр, Кой-Таштагы үйдөн башкасы, Алмазбек Шаршенович президент боло электе эле алынган. Тизмеде жадагалса, биздин чоң атабыз салган үй да бар экен, ал 1985-жылы каза тапкан! 

Атам өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн көп каражатын жумшаганын белгилеп кетким келет. Президенттик фонддогу 50 миллион сомдон сырткары, Алмазбек Шаршеновичтин аракети менен өлкөгө 1 миллиард 200 миллион сом тартылып келген, ал каражаттарга балдар аянтчалары курулуп, мектептерге компьютерлер сатылып алынып, китептер чыгарылып, кыргызстандыктардын дарылануусуна жумшалып, эстеликтер тургузулган. Мамлекет резиденциянын аймагынан экс-президент Алмазбек Атамбаевге турак жай берүүгө милдеттүү болчу, бирок атам мамлекеттин акчасын коротпостон, өз каражатына үй салып мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Атам 1990-жылдын башынан бери ийгиликтүү бизнесмен, меценат экенин катары белгилүү экенин эске салгым келет. Өзүнүн байлыгын ал мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп топтогон эмес, бизнесте жүрүп тапкан. Биз эч качан мүлктөрүбүздү же акчаларыбызды жашырып же бекиткен эмеспиз!»