05.12.2018 10:04

Кадыржан Батыров каза тапты

Кадыржан Батыров каза тапты

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров кечээ, 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумду. Ал 62 жашта болчу.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Анын өлүмү тууралуу Кыргызстандагы туугандарына кабар берилди.

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Ал ишкер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандагы өзбек коомунун экс-лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.