12.04.2018 16:28

Кафеге чакырып, тоноп кетти. Борбор тургуну тааныш кызынын үстүнөн арызданды

Кафеге чакырып, тоноп кетти. Борбор тургуну тааныш кызынын үстүнөн арызданды

10-апрелде шаар тургуну Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине арыз менен кайрылып, бир нече адам күч колдонуп, чөнтөк телефонун тартып алганын билдирген.

Иликтөөнүн журүшүндө, жабырлануучу тааныш кызы менен мурдараак  уруша кеткени белгилүү болгон.  Чоо-жайды териштирүү максатында кыз жабырлануучуну кафеге чакырган.

Барган конокту ал жерде кыздан сырткары эки жигит жана кыздын курбусу тосуп алган. Кафеден чыкканда, бардыгы жабырлануучунун унаасына түшүп, белгисиз жакка багыт алышат да, жолдон күч колдонуп, телефонун тартып алышкан. 

Алардан качып кеткен жабырлануучу борбордогу бир дүкөнгө кирип, милицияга чалат. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары “изин суутпай”  шектүүлөрдү колго түшүргөн.

Билдирүүдө шектүүлөр милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөнү айтылат.

Кармалгандардын эң улуусу 30 жашта болсо, эң кичүүсү 17 гана жашта. 

Аталган факт боюнча 167-берене (талап-тоноо) жана 341-берене (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Төртөө тең Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө журүүдө.