20.09.2018 09:00

Калаа милициясы 14 жаштагы кызга издөө салды

Калаа милициясы 14 жаштагы кызга издөө салды

Бишкекте 14 жаштагы кыз изделүүдө. Бул туурасында Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

2004-жылы төрөлгөн Аида Мамаева ушул жылдын 17-сентябрында үйүнөн мектепке чыгып кетип, ошол боюнча кайра келген эмес.

Кыздын бою 155-160 см, дене түзүлүшү орточо, көздөрү көк, чачтары кара түстө жана узун. Үйдөн чыгып кеткен күнү үстүнө ак түстөгү рубашка жана кофта, кара түстөгү юбка, бутуна ак кроссовка кийип жүргөн, көтөргөн сумкасы күрөң түстө.  

Свердлов райондук ИИБ Аида Мамаеваны көргөн-билген адамдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт:  (0553)102-566, (0772) 052-000, 0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05.