11.05.2018 16:07

Калаа милициясы каракчылыкка шектүү жаранды кармады

Калаа милициясы каракчылыкка шектүү жаранды кармады

10-майда Биринчи май райондук ИИБге каракчылыкка кабылган жаран арыз менен кайрылган. Бул туурасында укук коргоо органдарынан билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 10-май күнү калаанын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар “LG” үлгүсүндөгү 6 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алышкан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБ  кызматкерлери тарабынан 1999-жылкы К.А. аттуу жаран кармалды

Аталган факт боюнча 167-берене менен кылмыш иши козголду.  Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Тергөө жүрүүдө.