11.06.2018 10:19

Калаада Манас проспектисинин бир тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Калаада Манас проспектисинин бир тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Манас проспектисинин тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, Манас кең көчөсүнүн Чүй менен Жибек Жолу проспектисинин ортосундагы бөлүгү ачылды.

Бул жерде бир ай жүргөн оңдоо иштеринин алкагында жаңы жол жээктер орнотулуп, жол төшөмү алмаштырылган. Жолду жасоодо колдонулган ыкма анын бышык болуп, көпкө колдонулушуна мүмкүнчүлүк берет деп билдиришет мэриядан.

Быйыл Манас проспектисинин 8 чакырым 900 метр жеринде жаңылоо иштери жүрөт, башкача айтканда, түндүк тараптан Жибек Жолунан түштүк тараптагы Семетей көчөсүнө чейин оңдолот.