Калаадагы Чыгыш-5 кичирайонуна 70тен ашуун видеокамера орнотулат
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жакын арада 70тен ашуун видеокөзөмөл камерасы орнотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Свердлов райондук ИИБдин маалыматына караганда, аталган райондо кылмыштар көп катталат, 2017-жылы эле 494 ар түркүн окуялар болгон.
Мындан улам, райондогу тартипти камсыздоо жана батирлерди тоноонун алдын-алуу максатында «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык кеңеши менен биргеликте аталган райондо «Коопсуз кичирайон» программасын ишке ашыруу максатталууда.
Чыгыш-5 кичирайонундагы 14 көп кабаттуу үйдү камера менен жабдуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каралып, 72 видеокамера, 9 видеорегистратор, 9 катуу диск, 9 ток булагынын блогу, 12 монитор жана 2 миң 335 метр кабель сатылып алынды.
Учурда № 25-А жана № 25-Б үйлөрүндө камера орнотуу иштери жыйынтыкталып, №№ 5 жана 6 үйдө орнотулууда.
Жыл аягына чейин микрорайондун көчөлөрү жана үйлөрү видеокөзөмөл менен камсыздалат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: