23.01.2019 10:32

Канадалык аял заңгыраган хан сарайын бир кат жана 25 долларга бермей болду

Канадалык аял заңгыраган хан сарайын бир кат жана 25 долларга бермей болду

Канаданын Калгари шаарынын жашоочусу Алла Вагнер өзүнүн өзгөчө сунушу менен ЖМКларды дүңгүрөттү. Ал көлдүн жээгиндеги кооз аймакта жайгашкан 3 кабаттуу, аянты 352 чарчы метрди түзгөн заңгыраган үйүн конкурста уткан кишиге бермей болду. 

Оюндун шарты жөнөкөй: Ага катышуу үчүн алгач 25 канада долларын төлөп, Вагнерге 350дөн көп эмес сөздү камтыган кат жазыш керек. Анан албетте, каттын мазмуну миңдеген башка катышуучулардыкынан мыкты болуп чыгышы зарыл.  

Аял кат эркин формада жазылса деле жарай бере турганын билдирди: эссе, ыр түрүндө, же эки-үч абзацтан турган текст. Жыйынтыгында, ал 500 финалистти тандап алат, анан көз карандысыз калыс бир адамды тандап, үй ошого калат. 

Вагнер үйүн айкөлдүгүнөн ойнотуп жаткан жери жок: 2018-жылы аял кырсыкка кабылып, үй ичинде басып жүрүү ага оор болуп калган, мындан улам 3 кабат хансарайын 1,7 миллион долларга сатууну чечкен. Сатыкка коюлган 5 айдан бери эч ким үйдү сурап келген эмес. Аргасы түгөнгөн аял мына ушундай өзгөчө жолду ойлоп тапкан. 

Бирок, бул кирешелүү экени көрүнүп эле турат: Вагнер анын сунушу жок эле дегенде 60 миң адамды кызыктырат деп үмүттөнөт. Алардын ар бири конкурска катышуу үчүн 25 доллардан төлөсө, аял үйдүн сатыктагы баасын чогулта алат. 

Айта кетүүчү нерсе, конкурс учурунда үй сатыктан алынбайт, эгерде ал аралыкта кимдир-бирөө ошол баага сатып алууга макул болсо, аял бардык катышуучуларга алар төккөн 25 долларды кайтарып берерин убадалайт.

Ал эми, конкурска башка өлкө жарандары катыша алабы-жокпу, белгисиз. Конкурстун шартында бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес.