07.08.2020 13:32

Канат Сагымбаев: 7 августтагы атайын операция – анык провокация болгон!

Канат Сагымбаев: 7 августтагы атайын операция – анык провокация болгон!

«Альфа» атайын кызматы, УКМК жетекчиси баш болуп, арсыз операция жасашты. Негизи «Альфа» террористтерге каршы күрөштө гана колдонулат. УКМК «Альфаны» жеке менчик өз үйүндө жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана тынч жарандарга каршы пайдаланышты. Бул маселенин мыйзамсыз экенин белгилүү юрист, укук коргоочу Чолпон Джакупова башында турган «Адилет» укуктук клиникасынын бүтүмүнөн көрдук.

Атайын эки маанилүу нерсени белгилеп кетсем:

  1. «Альфа» кандай гана операцияны ишке ашырбасын, тез баштап, тез бүтүрүшү керек.
  2. «Альфа» операция баштаардын алдында, тынч жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жагын дыкат карап туруп, анан гана иш алып барыш керек.

УКМК жетекчилиги, «Альфа» атайын кызматынын башчылары – ушул эки принципти тен бузушту!

Негизи, мындай эл менен иш алып бара турчу операциялар ИИМдин спецназына (СОБР) жүктөлүшү керек эле. Албетте, эгер алдыга коюлган тапшырма мыйзамдуу болсо.

«Альфа» атайын кызматынын жетекчилигинин башкы кемчилиги – мыйзамды тушүнбөстүгү. Кетирген катасы – чабалдыгы. Бир жарым айдын ичинде кызматкерлерин даярдап алса болмок, бийликтин кызыкчылыгына оперативдүү кызматкерлер түзүп берген планына ишенип албай.

Мен ошол УКМК жетекчиси Опумбаевдин ордунда болгондо, биринчиден, алдыга коюлган тапшырманын мыйзамдуулугуна көнул бурмакмын. Мыйзамга туура келген учурда гана, экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып кетүү операциясынын  эч кимди жабыркатпай тургандай планын түзмөкмүн. Андай планды дыкат иштеп чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Алмазбек Атамбаев күн сайын эки маал үйүнүн батыш тарабында жайгашкан бакчасына сейилге түүшчү. Бакчанын түштүк-батыш тарабынан акырын кирип, эч кимди жабыркатпастан алып кетүүгө бүт шарттар бар болчу. Мындан башка да мүмкүнчүлүктөр толтура эле.

УКМК төрагасы Опумбаев беш план бар болчу деп ачык эле айтып чыккан. Кантип ошо бешөөнүн ичинен ишке аша турган бир планы болгон эмес? Же, бул Улуттук коопсуздук кызматында жалаң тажрыйбасыз, чабал кызматкерлер иштейбиз деп - кызматтын аброюна шек келтирип жатканыбы? Менин билишимче, УКМКда тажрыйбалуу адистер көп эле.

Ушул себептерден улам, 7-август күнү Кой-Ташта өткөрүлгөн атайын операция – анык провокация болгон дейт элем!»