02.10.2019 22:02

Канат Сагымбаев камакка алына электе тартылган тасма жарыяланды

Канат Сагымбаев камакка алына электе тартылган тасма жарыяланды

Экс-президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында видео жарыялады.

Анын айтымында, бул тасма Сагымбаев камакка алына электе, кылмыш ишинин материалдарына тиркөө максатында тартылган.

«Бул видеодо УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаев 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялардын баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Канат Сагымбаев 26-сентябрда оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталып, тергөө абагына отургузулган. Бул видеону көргөн ар бир жаран өзү тыянак кылсын – Канат кылмышкерби же сыйлыкка татыган аскер кызматкериби?», -дейт жактоочусу Замир Жоошев.