14.10.2019 14:34

Канат Сагымбаевдин иши. Сот жактоочунун аргументтерин эске алган жок

Канат Сагымбаевдин иши. Сот жактоочунун аргументтерин эске алган жок

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысын 9-декабрга чейин СИЗО-1де камакта калтырды. Бул туурасында Канат Сагымбаевдин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу  Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынын кызматкери болгондуктан, аскер кызматчысы деген макамга ээ, мыйзам боюнча аны Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына жайгаштырыш керек болчу. Мындай жол менен Бишкек шаардык соту негизсиз чечим чыгарды», -деп билдирди жактоочу. 

Укук коргоочунун айтымында, сот жактоочунун бир дагы аргументине кулак салган жок. Тактап айтканда, анын жашы жете элек төрт баласы бар экени, аялынын оорукчандыгы жана Сагымбаевдин камакка алганга чейинки сурактарга өз убагында келип жатканы сыяктуулар эсепке алынган эмес.