01.07.2020 11:43

Канат Сагынбаев Атамбаевдин саламаттыгы боюнча билдирүү жасады

Канат Сагынбаев Атамбаевдин саламаттыгы боюнча билдирүү жасады

Алмазбек Атамбаевдин камактагы жан сакчысы Канат Сагынабаев экс-президенттин саламаттыгы боюнча билдирүү жасады. 

Анын билдирүүсүнүн тексти:

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилелери бузулгандан кийин Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна 3 (үч) жолу коркунуч болгон. Мен милдетимди аткарып, жетекчиликке кошумча күч сурап кайрылганымда кайрылуума милдеттүү түрдө чара көрүүнүн ордуна эч нерсе кылбай коюшкан. Кой-Таштагы түшүнүксүз кылмыштуу аракеттеринен кийин Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм жетти.
Карантин учурунда баардык иштер токтотулганына карабай, бир гана Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдары өтүп жатты. Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начар экенин билип туруп, сот отурумундарына атайылап алып келип жатышты. Мен ооруп короновирустун белгилери бар экенин судьяга кайрылып чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизип калды. Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна, айыптоочу тараптын сунушун канааттандырып койду. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкдар экени ошондо эле билинип калган.
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, биринчи орун басары Таалайбек Салиев, тергөө жетекчиси Самидин уулу Сагынбек, силер элди алдаганды качан токтотосуңар? Чындыкты айткандан коркуп, жоопкерчиликтен качып, мени садага чапкан үчөөңсүңөр.
Азыр дагы жоопкерчиликтен качып, жактоочу Замир Жоошевге түртө салдыңар. Жетекчи болуп туруп жоопкерчиликтен качып жатасыңар. Улуттун коопсуздугун кантип колуңарга көтөрүп жүрөсүңөр? Силер Жээнбековдорго кошомат кылганыңар аз келгенсип, Матраимовдорго кызмат кыла баштадыңар. УКМКнын аброюна көлөкө түшүрүп, Альфаны бүт дүйнөгө уят кылдыңар!