06.05.2020 13:15

Канат Сагынбаевге коюлган айыптардын тизмеги

Канат Сагынбаевге коюлган айыптардын тизмеги

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкерине канча айып тагылып жатканын анын жактоочусу Замир Жоошев эске салды.

Ал Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, "2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди коргоо боюнча өз милдетин аткарган" Канат Сагымбаевге төмөнкүдөй айыптар тагылганын белгиледи:

  1. «Альфа» кызматкерлерин барымтага алууну уюштуруу -өзгөчө оор кылмыш.
  2. Бийликти күч менен басым алууну уюштуруу- оор кылмыш.
  3. Массалык баш-аламандыкты уюштуруу жана катышуу- оор кылмыш.
  4. Атайын топ менен сүйлөшүп алып, курал-жарак менен ок-дарыларды тартып алууну уюштуруу- оор кылмыш.
  5. Альфа кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу (эки эпизод боюнча) - өзгөчө оор кылмыш.
  6. Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүүнү уюштуруу -анча оор эмес кылмыш.
  7. Тергөөчүнүн ишине тоскоолдуктарды уюштуруу - анча оор эмес кылмыш.
  8. Тергөө органынын кызматкерине карата зомбулук көрсөтүүнү уюштуруу -  анча оор эмес кылмыш.
  9. Кызмат адамынын кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонуу - анча оор эмес кылмыш.
  10. «Альфа» түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө көмөктөшүү - өзгөчө оор кылмыш.

Жыйынтыгында Канат Сагымбаев тагылып жаткан айыптар төмөнкүлөр:

•  Төрт өзгөчө оор кылмыш - алардын ар бири үчүн он жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн.

•  Төрт анча оор эмес кылмыш - ар бири үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

•  Эки оор кылмыш - алардын ар бири үчүн он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Буга карабастан, Канат Сагымбаев ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнүн Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташуу боюнча бир нече жолку сунушунан жана айып пул менен кутулуп кетүүдөн баш тартты. Ал бул тууралуу ММК аркылуу бир нече жолу айткан ”, - деди Замир Жоошев.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Канат Сагымбаевдин УКМК кызматкери деген күбөлүгүн алып коюшкан, өзүнө кызматтан бошотулганы тууралуу буйрукту көрсөтүшкөн. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын пикиринде, буга жан сакчы Алмазбек Атамбаевди видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгон.

24-сентябрда Аскер прокуратурасы Канат Сагымбаевди 7-августта Кой-Ташта болгон окуяларга шектүү катары камап койгон.

 

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отуруму белгиленген. Ал 10 мүнөткө созулуп, кайра жылдырылды.

 

Кийинки соттук отурум 11-май саат 10:00гө белгиленди.