01.11.2019 15:46

Канатбек Ашырбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды

Канатбек Ашырбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды

Белгисиз адамдар сабап кеткени кабарланган «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал бул тууралуу BBC радиосундагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечедеги көмүр кендеринде видео көзөмөл койдуруп, тартипке келтирип баштаган. Божомолунда, кол салгандар ал иштерге каршы болгондор болушу мүмкүн. 

Бүгүн, 1-ноябрда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар арматура менен сабап кеткени белгилүү болгон.  Окуя 30-октябрдан 31-октябрга караган түнү Туңгуч кичирайонундагы №73 мектептин жанында болгон. 30-35 жаштагы эки жигит Ашырбаевге кол салып, темир түтүк менен сабашкан.

Бул факты боюнча жабырлануучу Бишкектин Октябрь райондук ИИБине арыз жазылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.