30.01.2019 10:32

Кантта милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

Кантта милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

Кантта Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ кызматкери зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурасында күч түзүмдөрүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 27-январында саат 04:00 чамасында Новопокровка айылында Чоң Чүй каналынын жанынан чала тааныш балдар аны күч колдонуп, зордуктаганын айтып, чара көрүүнү суранган. 

Кечээ, 29-январда бул ишке шектүү делип, Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну кармалды. Ал Свердлов райондук ИИБдин старшина наамындагы кызматкери болуп чыкты.  Ал РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө жардамчы кызматында иштеп келген. 

Бишкек ИИББден милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти.