19.10.2018 09:00

Канттагы жол кырсыгынан бир аял каза тапты

Канттагы жол кырсыгынан бир аял каза тапты

Чүй облусунда «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, беш адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу April.kg Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында катталган. 40 жаштагы адам «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаа менен Кант шаарында батыштан чыгышты көздөй кетип баратып, рулга ээ боло албай калып, жолдун оң жээгинде токтоп турган чиркегичти сүзүп алган.

Автоунаанын 37 жаштагы жүргүнчүсү (аял киши) кырсык болгон жерде каза болгон. Айдоочуну кошкондо 5 адам Кант шаардык ооруканага кайрылган.