13.09.2019 14:27

Кар жаап, үшүк жүрөт! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Кар жаап, үшүк жүрөт! Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты: 15-16-сентябрларда тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. 

15-16-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ал эми Кыргызстандын тоолуу унаа жолу менен, маселен Бишкек-Ош унаа жолу, жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

  • КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
  • Тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
  • аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.